Эми кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерди Tunduk аркылуу онлайн каттоого болот

Эми кыймылсыз мүлк сатып алуу-сатуу келишимин толугу менен онлайн форматта, жаңыртылган Tunduk тиркемеси аркылуу каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров билдирди.
“Эч кандай кезек күтүүсүз, кагаз иштерисиз — тез, ыңгайлуу жана коопсуз, — деп белгиледи Камбаров.
Анын айтымында, келишимди каттоо үчүн талап кылынат:
• Tunduk тиркемеси,
• булуттуу электрондук кол тамга,
• кыймылсыз мүлк боюнча төлөнгөн салыктар,
• жубайынын/күйөөсүнүн макулдуну (эгер болсо).
Каттоо тартиби:
1. Tunduk тиркемесинен «Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо» кызматын тандоо,
2. Нускаманы аткаруу,
3. Документтерге онлайн түрүндө кол коюу,
4. Келишим 5 сааттан 3 иш күнүнө чейинки мөөнөттө катталат.
“Бул долбоор президенттин Иш башкармаслыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ишке ашырылган.
Бул иштин негизги максаты — мамлекеттик кызматтарды ар бир кыргызстандык үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу. Эми кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселелерди толугу менен онлайн режиминде чечүүгө болот», — деди Камбаров.
Булак “Кабар” агенттиги