Эми Кадастр департаментинин кызматтары да онлайн түрдө жеткиликтүү болот

 Эми Кадастр департаментинин кызматтары да онлайн түрдө жеткиликтүү болот

Эми Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кызматтары да онлайн түрдө жеткиликтүү болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү электрондук кызмат көрсөтүү боюнча иштердин таанытымы сунушталат.

“Учурда Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде кезекте турган жарандардын саны арбын. Президент ошол кезектерди жок кылуу боюнча тапшырма берген. Мисалы, эми жарандар үчүн үйдү сатуу же сатып алуу процесстерин электрондук түрдө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Учурда “Кызмат” мекемесинин кызматкерлери бул иштердин үстүндө күнү-түнү дебестен иш алып барууда. Жакынкы күндөрү алар электрондук кызмат көрсөтүү иштеринин таанытымын сунуштайт. Бул өлкөнү толугу менен санариптештирүүгө багытталган пландардын бири”, – деди ал.

Связанный пост