Эми айдоочуларды даярдоо программасы 14 айга созулат
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин унаа айдаганды үйрөнүүгө канча каражат төлөнөрүн билдирди.
Анын айтымында, айдоочуларды даярдоо программасы 14 айга созулганына карабастан, окутуунун баасы азыркыдай эле болот.
“Бардык автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин, теориялык жана практикалык окутуу программалары өзгөрөт. Бирок чоңдор үчүн курстардын баасы азыркыдай эле бойдон калат. Биз окутуунун сапатына көзөмөлдү күчөтөбүз”, – деди Туманбаев.
Ал белгилегендей, реформанын негизги максаты келечектеги айдоочуларды окутуунун сапатын жакшыртуу жана өлкөнүн жолдорундагы кырсыктардын санын азайтуу болуп саналат.
Ошондой эле Туманбаев 2026-жылдан баштап жогорку класстын окуучулары мектеп программасынын алкагында айдоочулук курстан өтө ала тургандыгын маалымдады.
“16 жаштан баштап 11-класстын окуучулары мектепте айдоонун негиздерин үйрөнө алышат, ошондо алар жашы жеткенде айдоочулук күбөлүк алууга даяр болушат”, – деп кошумчалады ал.