Эмгек министрлигинин соцмекемелерине 1,5 миң тонна көмүр жеткирилди

 Эмгек министрлигинин соцмекемелерине 1,5 миң тонна көмүр жеткирилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык мекемелерине 1,5 миң тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков ведомствонун коллегиясында билдирди.

“Күз-кыш мезгилинде Министрликтин социалдык стационардык мекемелерине 1542,9 тонна көмүр жеткирилген, бүгүнкү күндө көмүрдүн калдыгы 764,3 тоннаны түзөт. Бардык жеткирүүлөр муктаждыкка жана графикке ылайык жүргүзүлдү”, – деди ал.

Анын айтымында, министрликтин системасында жалпысынан 76 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр иштейт. Анын ичинен 28 мекеме катуу отун менен жылытылат.

Катуу отун алууга республикалык бюджеттен 9 619,6 миң сом каржыланган.

Связанный пост