Эмгек министрлиги мигранттардын төлөнбөгөн 40 млн рубль айлыгын алууга көмөктөштү

 Эмгек министрлиги мигранттардын төлөнбөгөн 40 млн рубль айлыгын алууга көмөктөштү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү Россияда иштеген 573 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген.

Ведомстводон маалымдашкандай, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 40 млн 330 миң рублди түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 19 млн рублга көп.

Мындан тышкары, өкүлчүлүк тарабынан Кыргызстандын 9 жаранына өндүрүштүк жаракат алганына байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн компенсацияларды өндүрүү боюнча көмөк көрсөтүлдү. Келтирилген зыяндын суммасы 5 млн рублдан ашты, бул өткөн жылга салыштырмалуу 74% га көп.

Связанный пост