Эмгек министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча 529,8 млн сом жөлөкпул төлөдү

 Эмгек министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча 529,8 млн сом жөлөкпул төлөдү

Кыргызстанда 10 айда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул түрүндө 529,8 млн сом төлөнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 1-январындагы токтомуна ылайык, 11-жумушчу күндөн тартып өлкөнүн тегиз жерлеринде иштеген аялдар үчүн бул жөлөкпулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп, болжол менен 7500 сомду түздү. Ал эми 2023-жылы төлөмдөрдүн өлчөмү 3500 сомду түзгөн.

Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда иштеген аялдар үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык жумуш күндөрү үчүн эмгек акынын 100%ы төлөнөт.

2024-жылдын 1-ноябрына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 25 857 аялга төлөнгөн.

Связанный пост