Элчи Аида Исмаилова Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын башчысы менен жолукту

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын башкы аткаруучу директору Хван Киёон менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.
ТИМдин маалыматына ылайык, жолугушуу Кыргызстан менен Кореянын ортосунда түзүлгөн Экономикалык өнүгүү кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү аракетинин алкагында өттү.
Жолугушууда негизги багыттардын бири болуп Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кореянын өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык өнүгүү кызматташтыгы фондунун (EDCF) каражаттарынан кредиттерди берүү тууралуу Алкактык макулдашууну мындан ары ишке ашыруунун механизмдери болду.
Бул келишим Кыргызстан үчүн стратегиялык маанидеги долбоорлорду — өзгөчө саламаттык сактоо, транспорт жана жарандык авиация сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда ишке ашырууга жол ачат.
Элчи Аида Исмаилова Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жогору баалап, кыргыз тараптын кызыкчылыгын баса белгиледи.
“Биздин максатыбыз — кыргыз элинин жашоо сапатын жогорулаткан, инфраструктураны өнүктүргөн жана келечекке багытталган долбоорлорду ишке ашыруу. Бул жаатта Кореянын колдоосу биздин өнүгүү жолубузда олуттуу роль ойнойт,” — деп белгиледи элчи.
Хван Киёон өз кезегинде EDCF алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирип, учурдагы долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусу эки өлкө ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктаарын кошумчалады.
Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы Алкактык макулдашуу Кыргызстанжын президенти Садыр Жапаровдун Сеул шаарына жасаган расмий сапары маалында, 2024-жылдын декабрында түзүлгөн. Аталган документтин негизинде Кыргызстанга 500 миллион АКШ долларына чейин жеңилдетилген насыя берүү каралган.