Экономика министри Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен анын орун басары Искендер Асылкулов Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларына барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жетекчилер жеринде ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана жеке секторду колдоо маселелерин талкуулады.
Алгач министр Бакыт Сыдыков Сокулук районунун Маловодное айылындагы мөмө-жемиш жана жашылча продукциясын кайра иштеткен “Сан Планет” ЖЧКсына барды. Аталган ишкананын органикалык продукуцялары Европа биримдигине экспорттоого адистешкен.
Андан кийин фармацевтикалык ишкана дары-дармектерди жана биологиялык активдүү кошулмаларды өндүргөн “Биовит” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкана президенттин демилгеси менен ишке ашырылган “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында 2024-жылдын 30-сентябрында инфузиялык эритмелерди, инъекцияларды жана көз тамчыларын өндүрө баштаган.
Министр өндүрүш процессин көрүп, завод жетекчилиги менен келечектеги пландарды талкуулады.
Ошондой эле экономика министри Москва районундагы өлкөдө биринчи жолу автоунааларды жана автобустарды чыгарган “Тулпар Моторс” заводунда болду. Долбоор UzAuto ААК жана “ДТ-Техник” ЖЧКсы менен биргеликте ишке ашырылган. 504 жүргүнчү автоунаасы өндүрүлүп, алардын 454ү 2024-жылдын аягына чейин сатылды.
Мындан тышкары, “Юнайтед Конкрет Канвас” ЖЧКсына барып, 852 адамды, анын ичинде КР 579 жаранын жумуш менен камсыз кылган “Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧК ишканасынын өндүрүштүк аянттарын кыдырды. Завод күйүүчү май жана башка нефть продуктуларын өндүрөт.
Белгилей кетсек, буга чейин КР министрлер кабинети менен “Борбор Азия энергетикалык компаниясы” ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимдин расмий кол коюу аземи болгон. Заводдун жаңыланган долбоорунун алкагында Евро-4 жана Евро-5 класстагы бензин жана дизель майын, ошондой эле башка продукцияларды өндүрүү пландаштырылууда.
Ал эми министрдин орун басары Искендер Асылкулов Кара-Балтадагы Бишкек эркин экономикалык аймагына барып “Азия Сталь” жана “Стандарт Фарм Групп” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. “Стандарт Фарм Групп” бул “Кварта” ЖЧКсы менен Кытайдын “Жичжао Джунтай” компаниясынын биргелешкен долбоору.
Иш сапардын жыйынтыгында министр Бакыт Сыдыков жеке ишканаларга мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантаарын белгиледи.
Ошондой эле инвестициялык долбоорлордун ишке ашыруу этаптары келишимдерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жана техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн көлөмдөрдө аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Өз кезегинде ишканалардын жетекчилери Экономика министрлигинин буга чейин көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.