Эки автотранспорттун айдоочуларына түтүндүн максималдуу деңгээли үчүн 7,5 миң сомдон салынды

2023-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматы жана менен Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы “атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө 15 микроавтобус текшерилип, алардын экөө түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибордун жардамы менен нормадан ашыкча көрсөтүлүп эки автотранспорттун айдоочуларына түтүндүн максималдуу деңгээли үчүн 7,5 миң сомдон протоколдор түзүлгөн. Калган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.

Связанный пост