Эдил Байсалов Салттуу музыканын эл аралык кеңешинин президентин кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалынын алдында Салттуу музыканын эл аралык кеңешинин президенти Тан Суи Бенгди кабыл алды.
Жолугушууга Казакстандын маданият жана искусство ишмери, Түрксойдун мурдагы башкы катчысы Дүйсен Касеинов жана фестивалдын уюштуруучусу, эл артисти Роза Аманова да катышты.
Белгилей кетсек, “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы 2025-жылдын 1-3-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт.
““Рух Санат” фестивалы Кыргызстандын маданий иш-чараларынын бири болуп калат деп ишенебиз. Ал биздин салт-санаабыздын, музыкабыздын, искусствобуздун байлыгын көрсөтүп гана тим болбостон, өзүн беделдүү эл аралык аянтча катары да көрсөтө алат. Биз бардык эл аралык конокторго катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз биргеликте жаңы фестивалды эң жогорку деңгээлге чыгара алабыз деп ишенебиз”, – деди Эдил Байсалов.
Жолугушуунун жүрүшүндө Салттуу музыканын эл аралык кеңешинин алкагында мындан аркы кызматташуунун келечеги, анын ичинде салттуу музыканы изилдөө, сактоо жана жайылтууга багытталган биргелешкен маданий программаларды, академиялык алмашууларды жана экспедицияларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар “Рух Санат” фестивалы маданий дипломатиянын жаңы мейкиндиктерин ачып, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту тереңдетип, Кыргызстандын жана бүтүндөй аймактын бай музыкалык мурасына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бура турганына ишенээрин билдиришти.