Эдил Байсалов Германиянын элчиси Моника Ленхардды кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды.
Эдил Байсалов Моника Ленхардды кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын мындан аркы дипломатиялык иштерине ийгиликтерди каалады. Ал анын иши кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого жана бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, экономикалык, билим берүү жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Германия өкмөтүнө Кыргызстандагы реформаларды үзгүлтүксүз колдоо, ошондой эле кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жашыл энергетиканы жана санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.