ЕАЭБдеги жаңы эрежелер: Кыргызстан маанилүү протоколду ратификациялады

 ЕАЭБдеги жаңы эрежелер: Кыргызстан маанилүү протоколду ратификациялады

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 5-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сунушталган мыйзам 2025-жылдын 28-июлунда Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду күчүнө кирүүсү боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Ошентип, протоколдо ЕАЭБ жөнүндө келишимге укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө жана айрым жоболорду актуалдаштырууга, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү карайт:

1) бажы жөнгө салуу чөйрөсүндө – ЕЭК маалыматын пайдалануунун максаттарын тактоо жана маалымат алмашуу боюнча кайталанган нормаларды алып салуу;

2) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө – ЕЭК Кеңешине техникалык регламенттерди бирдей колдонулушун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү;

3) стандартташтыруу чөйрөсүндө – “стандарттык үлгү” түшүнүгүнүн аныктамасын тактоо;

4) инвестиция чөйрөсүндө – компенсацияларды эсептөө механизмин өркүндөтүү, анын ичинде рыноктук чендерге өтүү жана LIBOR көрсөткүчүн SOFR менен алмаштыруу;

5) атаандаштык жана укук колдонуу чөйрөсүндө – ЕЭК чечимдерин аткаруу тартибин, айып пулдарды бөлүштүрүүнү тактоо жана айрым өзгөчөлүктөрдү белгилөө;

6) энергетика чөйрөсүндө – жалпы электр энергия рыногун укуктук жөнгө салууну өнүктүрүү, анын ичинде жаңы катышуучулардын (реестр жүргүзүүчүлөрдүн) статусун жана функцияларын аныктоо;

7) транспорт чөйрөсүндө – эл аралык автоунаа ташууларында электрондук уруксаттарды киргизүү;

8) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө – өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматтарына өтүү, терминологияны тактоо, бир жеткирүүчүдөн сатып алуу учурларынын тизмесин кеңейтүү жана жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуу;

9) ЕЭК ыйгарым укуктарына байланыштуу бөлүгүндө – ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу методологиясын бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды бекемдөө;

10) техникалык өзгөртүүлөр – эскирген нормаларды алып салуу жана айрым жоболорду актуалдаштыруу, анын ичинде Казакстандын борбор шаарынын аталышын өзгөртүү (“Нур-Султан” шаары “Астана” деп алмаштырылат).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост