ЕАЭБде жашылчаларды ташуу жеңилдейт
ЕАЭБде жаңы жана тоңдурулган помидор, калемпир жана баклажандын мөмөлөрүндө пепино мозаика вирусунун (PepMV) болбошу боюнча талап жокко чыгарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү жашылча продукцияларын ЕАЭБ алкагында ташууну жана экспорттоону жеңилдетип, ишкерлердин административдик жана лабораториялык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда үрөндүк жана отургузуу материалдарында PepMV вирусунун болбошу боюнча талаптар сакталат.
Өзгөртүүлөр тиешелүү чечим расмий жарыялангандан кийин 30 күндөн соң күчүнө кирет.