ЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жүгүртүүнү макулдашты
21-декабрда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Индонезия эркин соода жүгүртүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Индонезия менен преференциалдык соода келишимин түзүү экспортту көбөйтүү жана Индонезия рыногуна жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан Индонезия рыногуна өз товарларын жеңилдетилген шартта экспорттоого мүмкүнчүлүк алды. Жеңилдик берилген товарлардын тизмесине төмөнкүлөр кирди:
- Айыл чарба азыктары: эт (уй, кой), балык, сүт азыктары, жашылча-жемиштер.
- Суусундуктар: минералдык суулар жана ширелер.
- Өнөр жай товарлары: кийим-кече (жеңил өнөр жай), тиричилик техникасы жана электротехника.
Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана Индонезиянын динамикалуу өнүгүп жаткан рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берип, жаңы перспективаларды ачат.
Мындан тышкары, Индонезия тарабынан кыргыз товарларына карата бажы алымдарынын орточо деңгээли 11 пайызга төмөндөтүлдү, ал эми айрым позициялар боюнча алымдардын ставкалары толугу менен жокко чыгарылды. Бул ата мекендик товарлардын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.