“Э. Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусу берилди

 “Э. Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусу берилди

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын “Э. Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусу берилди. Тиешелүү чичимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ботаникалык бактын жер участоктору: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан, аянты 127,0 га болгон жер участогу, Бишкек шаары, М. Горький көчөсү, 135/212 дарегинде жайгашкан, аянты 20,15 га болгон жер участогу; Нарын шаары, Ленин көчөсү (н/ж) дарегинде жайгашкан, аянты 4,17 га болгон жер участогу “Калктуу конуштардын жерлери” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которулду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын режимин талаптагыдай сактоону камсыз кылуу тапшырылды.

Связанный пост