Дыйкан-фермерлер 2,1 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

 Дыйкан-фермерлер 2,1 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

 “Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча бүгүнкү күнгө карата дыйкан-фермерлерге жалпы 2 млрд 145 млн 567 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, өсүмдүк өстүрүүгө 321 млн 77 миң сомго 666 насыя берилди.

Банктарга бөлүп карай турган болсок:

– “Айыл Банк” ААК, 169617,0 миң сомго 360 насыя

– “Элдик Банк” ААК, 151460,0 миң сомго 306 насыя.

“Мал чарбачылык” боюнча жалпы 1 млрд 713 млн 329 миң сомго 2785 насыя берилди:

– “Айыл Банк” ААК, 814376,0 миң сомго 1315 насыя;

– “Элдик Банк” ААК, 898953,0 миң сомго 1470 насыя.

Сууну үнөмдөөчү технологияларга 12 млн 700 миң сомго 15 насыя берилди:

– “Айыл Банк” ААК, 10 млн 200 миң сомго 12 насыя;

– “Элдик Банк”, ААК, 2 млн 500 миң сомго 3 насыя.

Лизингге 98 млн 461 миң сомго 46 насыя берилди:

– “Айыл Банк” ААК, 48 млн сомго 24 насыя;

– “Элдик Банк” ААК, 50461,0 миң сомго 22 насыя.

Бардыгы болуп 2 млрд 145 млн 567 миң сомго 3512 насыя берилди.

Связанный пост