Дубай жана Кувейт багыттары боюнча авиакаттамдар кайрадан токтотулду

 Дубай жана Кувейт багыттары боюнча авиакаттамдар кайрадан токтотулду

Дубай менен Кувейттен Бишкекке келе турган авиакаттамдар кайрадан токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал “Flydubai” авиакомпаниясынын Дубай — Бишкек багыты боюнча учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конушу керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам аталган каттам убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, Кувейт — Бишкек багытындагы авиакаттам да токтотулганы белгиленди.

Учурда каттамдардын эмне себептен үзгүлтүккө учураганы жана алардын качан калыбына келтирилери тууралуу кошумча маалымат бериле элек.

Связанный пост