Дипломдордун санарип варианты эми “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү

 Дипломдордун санарип варианты эми “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү

Санариптик дипломдор «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү улуттук системасына жайгаштырыла баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта системага 2025-жылы берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилди. Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам жана ыңгайлуу түрдө ала алышат.

Санариптик дипломдорду киргизүү:

  • билим тууралуу маалыматтардын аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга;
  • квалификацияны ырастоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө;
  • кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартууга;
  • документтерди жасалмалоо тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет.

«Санариптик дипломдорду киргизүү – билим берүүнүн санариптик инфраструктурасын куруудагы маанилүү кадам. Биз бир кыйла ачык, натыйжалуу жана технологиялык системага карай жылууну уланта беребиз», – деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.

Долбоор Санариптик өнүктүрүү министрлигинин техникалык колдоосу жана «Түндүк» платформасынын жардамы менен ишке ашырылды.

Мурунку жылдары берилген дипломдорду санариптештирүүнү мындан ары Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн бирдиктүү санариптик маалымат базасын түзүү максатында жүзөгө ашырат.

Связанный пост