Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу облустук башкармалыктар кышкы инвентарлар менен камсыз болушту

Бүгүн, 14-сентябрь күнү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов облусттук башкармалыктарга лыжа жана ыраазычылык кат тапшырды.

Иш-чарага Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев, “Кыргыз лыжа спорту” федерациясынын өкүлдөрү жана швейцариялык демөөрчү Самюэль Марет катышты.

Эскерте кетсек, 470 жуп лыжа комплекти “Кыргыз лыжа спорту” федерациясы жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин швейцариялык долбоор аркылуу келген. Бүгүнкү күндө 5 облуска: Жалал-Абадга – 50, Нарынга – 80, Ошко – 50, Ысык-Көлгө – 80 жана Чүйгө – 80 жуп лыжа комплекти тапшырылды.

Связанный пост