Делегат: Талас шаарында бала бакчада болгону 1300 орун болсо, кезекте 3,5 миң бала турат

 Делегат: Талас шаарында бала бакчада болгону 1300 орун болсо, кезекте 3,5 миң бала турат

 Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Талас шаарынан келген делегат Жакыпбек Айдаров өз аймагындагы көйгөйлөр менен бөлүшүп кетти. “Талас шаарында 1970-жылдары 75 чакырымга жер алдындагы суу түтүгү курулган. Азыркы күндө эскилиги жетти. 7 чакырымга созулган канализация учурда иштебей турат. Ал эми мектепте бир эле класста 45-50 окуучу окуйт. Бала бакчада болгону 1 миң 300 орун бар. Бирок кезекте дагы 3 миң 500 бала турат”, – дейт ал.

Связанный пост