Данияр Амангельдиевдин Сауд Өнүктүрүү фондунун президенти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышуу үчүн Алжирге (Алжир Элдик Демократиялык Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) Президенти Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, инфраструктура жана жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо жаатындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына басым жасап, эки тараптуу кызматташуунун өз ара кызыкчылык туудурган маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү пландар талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Сауд өнүктүрүү фонду менен өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген жемиштүү кызматташтыгы баса белгиленди. 2011-жылдан бери билим берүү, транспорт, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана турак жай курулуш секторлорун өнүктүрүүгө багытталган жалпы суммасы 333,8 млн АКШ долларын түзгөн 11 инвестициялык макулдашууга кол коюлгандыгы белгиленди. Кыргыз Республикасында СӨФ инвестициялык портфелин мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиги билдирилди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары акыркы үч жылда Кыргыз Республикасынын экономикасынын 9% түзгөн туруктуу өсүш темпин белгилеп, үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,7% га жеткенин баса белгиледи. Экономиканын бардык секторлорунда, анын ичинде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана өнөр жайда оң динамика белгиленди, бул жаңы инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Данияр Амангельдиев ошондой эле экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасын кабыл алуу күтүлүп жатканын маалымдады. Ал белгилегендей, бул программа СӨФ жана башка эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Камбарата  ГЭС-1 курулуш долбооруна өзгөчө көңүл бөлүндү, аны ишке ашыруу “жашыл” өнүгүүгө глобалдык тренддин жана таза энергияга болгон суроо-талаптын өсүшүнүн контекстинде артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Данияр Амангельдиев бул долбоорду трансформациялык долбоор катары мүнөздөп, Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда энергия менен камсыздоону кыйла көбөйтүүгө жана таза энергияга өтүүнү колдоого жөндөмдүү, анын бүткүл Борбордук Азия регионунун өнүгүшүндө жана анын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролун белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Сауд өнүктүрүү фондуна турак жайды каржылоо жаатындагы долбоорлорду колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана Мамлекет башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Султан Абдурахман Аль-Маршад белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасы менен кызматташууга чоң маани берет жана инвестициялык портфелди, өзгөчө энергетика жана инфраструктура чөйрөсүндө кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр. Ал эки тараптуу мамилелердин мындан ары бекемделишине жана өз ара пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар активдүү диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост