Дөңгөлөгү кышкыга алмаштырылбаган унаалар Төө-Ашууга өткөрүлбөйт
			
    Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 5-взводунун командири Улан Алымбеков билдирди.
Анын айтымында, айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышып, жолдо тыгын пайда болгондо каршы тилкеге чыкпоого, аралыкты кеминде 500 метр сактоого тийиш.
Белгиленгендей, оор жүк ташуучу автоунаалар “Сосновка” жана “Арал” текшерүү пункттарынан текшерилип, дөңгөлөгү кышкыга алмаштырылбаган автоунаалар кое берилбейт.
Эске салсак, аба ырайына байланыштуу оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.