Дүйнөгө белгилүү ЕБРР банкында 40тан ашуун Кыргызстандын жарандары иштейт
Дүйнөдө көптөгөн адамдар Лондондо жашаганды кыялданат. Каржы борбору болгон бул шаарда белгилүү компаниялар жайгашып, эң бай адамдар жашайт.
Алардын катарында дүйнөгө белгилүү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында (ЕБРР) кыргызстандык адистер дагы иштейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына барган учурда, ал жерде иштеген кыргыз жарандары менен дагы баарлашты.
ЕБРРдин дүйнөдөгү башка аймактарында жалпы 40тан ашуун Кыргызстандын жараны иштесе, анын ичинен банктын Лондондогу башкы кеңсесинде 22 жаран эмгектенет.