ЦУМдун жанындагы жол унаа каттамы үчүн ачылды
Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Аялдама орнотуу жана Абдрахманов көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктүн курулушу, соода аянтчаларын жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери уланууда.
Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде азырынча светофор болбойт, анткени Шопоков көчөсү унаа өтүү үчүн жабык бойдон калууда.