Чолпон-Атада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны болду

Бүгүн, 16-августта, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.

Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 50дөн ашуун өз ара сапарлардын жана биргелешкен иш-чаралардын болуп өткөнү, эки тараптуу мамилелердин позитивдүү өсүшүнөн кабар берээрин билдирди.

“Жогорку деңгээлде болуп өткөн иштер эки тараптуу мамилелерге ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк статусун берүүгө күчтүү түрткү берди. Эми биздин алдыбызда жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу милдети турат”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оң тенденция байкалууда. Маселен, 2023-жылдын 5 айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3%га өсүп, ал 215,8 млн долларды түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан ар тараптуу кызматташууларын тереңдетүүгө бизнес чөйрөсү, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, ишкерлер кеңеши, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойноорун белгиледи.

“Өзбекстандагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү өз ишин баштады. Ошондой эле, эки мамлекет биргелешип автомобиль жана коммерциялык техникаларды чыгара турган объекттин курулушуна капсула салды. Мындан тышкары жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү, кичи жана орто гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилегим келет”, — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын суу-энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында эки тараптуу кызматташуунун оң тажрыйбасы бар. Учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол линиясын куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашууда. Ошондой эле, “Камбар-Ата 1” ГЭСин биргелешип куруу долбоору боюнча дагы иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө маданий-гуманитардык, билим-илим тармактарындагы кызматташууну жогорулатуу белгиленди.

Анда быйылкы жылы биргелешкен маданий иш-чараларды, тагыраагы ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоо пландаштырылууда.
Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

Связанный пост