Чолпон-Атада Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусунун жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 31-июлда, Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бейформал Консультативдик жолугушуунун жыйынына катышып жатышат.

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын лидери Ильхам Алиевди, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын лидери Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевди тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр залына киришти.

Связанный пост