Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт

 Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт
22-23-август күндөрү, Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт.
Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда бринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өткөн.

Связанный пост