Чоң-Алайда малдарды уурдап, ашканага өткөрүп жүргөн жаран кармалды

 Чоң-Алайда малдарды уурдап, ашканага өткөрүп жүргөн жаран кармалды

2024-жылдын 2-январь күнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө ушул эле райондун 1971-жылы туулган тургуну И.Б. арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын июль айында Чоң-Алай районунун Ачык-Суу жайлоосунан 2 баш малы жоголуп кеткендигин, ушул күнгө чейин издеп, жайыттан табып аламын деп үмүттөнгөнүн, акыры арыз менен кайрылууну туура көргөнүн билдирген.
Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 2002-жылы туулган тургуну М.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүү М.Б. 2023-жылдын 11-июль күнү жайлоодон эки баш малды уурдап, досунун “Портер” үлгүсүндөгү унаасына жүктөп, Ош шаарына алып келип, ашкана иштеткен тууганы М.уулу М.га 93 000 (токсон үч миң) сомго сатып жиберген.
М. уулу М. эртеси күнү Ош шаарында жайгашкан атайын мал союучу жайга (убойный) алып барып сойдуруп, малдын этин ашканасында иштетип жиберген. Союлган малдардын биркасы республикалык каттоо тутумуна М.уулу М.дын атына каттоого алынгандыгы маалым болгон.
Шектүү бул кылмыш менен эле токтоп калбастан, жайлоодон 3-4 жаштагы биркасы жок буканы уурдап, ошол эле ашкана иштеткен тууганына 42 (кырк эки миң) сомга сатып жибергендиги аныкталды.
Андан сырткары учурда шектүүнүн дагы башка 7 баш малды уурдагандыгы боюнча ыкчам издөө иш-чаралары уланып жатат.

Связанный пост