Чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине пара берүү фактысы боюнча бир нече адам кармалды
КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды.
Ушул жылдын 14-январында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Кыргыз Республикасынын жарандары 1982-жылы туулган А.Т.Р., 1982-жылы туулган Т.И.Б., жана 1988-жылы туулган А.А.А. кармалып, тергөө абагына тергөө убагы бүткөнчө камалды.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.