Чакан ишканаларга 7,4 млрд сом пайызсыз насыя берилди
“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди.
ФИнансы министрлигинен маалымдашканда, берилген насыянын жалпы көлөмү 7 млрд 412 млн 87 миң 917 сомду түзөт. Анын ичинен:
1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд 207 млн 233 миң 916 сом;
2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 441 ишкерге 2 млрд 204 млн 854 миң сом наясы берилди.
Белгиленгендей, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.