Чүйдөгү чет өлкөлүктөрдү кармоо борборунун абалы начар экени айтылды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусундагы Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун шартына жана кармалгандардын укуктарынын сакталышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.
Анда белгиленгендей, институттун кызматкерлерине аталган борбордун аймагына кирүүгө эки ирет тоскоолдук жаралган. Алар 28-октябрда чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө барып, борборго кире алышкан эмес.
Аталган факт боюнча акт түзүлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Аскер прокуратурасы мыйзам бузууларды жоюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын дарегине сунуштама киргизген. Анын негизинде мыйзам бузууга жол берген жооптуу кызматкер тартиптик жазага тартылды.
Ошондон кийин гана, 3-ноябрда мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттарында жана алардын укуктарынын сакталышында олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.
Мониторинг учурунда борбордо 160 адам кармалып турган. Борбордун санитардык-гигиеналык шарттары канааттандырарлык эмес абалда. Имараттын ичиндеги дааратканалар жабык болуп, короого үч биотуалет орнотулган. Борбордун имараты эки блоктон туруп, анда жылытуу системасы жок болгондуктан төрт бөлмөсү гана кондиционерлер менен жылытылат. Ал эми имараттын көпчүлүк бөлүгү суук.
Ошондой эле, борбордун штатында ашпозчу болгонуна карабастан, чет өлкөлүк жарандар тамак-ашты өздөрү сыртта даярдайт.
Мындан тышкары, кармалгандарда туугандары, адвокаттары жана котормочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү сунушу министрлер кабинетине жөнөтүлгөн.