Сокулук районунда ымыркайдын сөөгү табылды

 Сокулук районунда ымыркайдын сөөгү табылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Пригородное айылына жакын талаадан жаңы төрөлгөн ымыркайдын (эркек) сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга 31-мартта болжол менен саат 22:09да билдирүү түшүп, анда ымыркайдан сөөгү жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Аталган факты Сокулук РИИБге каттоого алынып, териштирүү башталган.

Милиция учурда ымыркайдын энесин издеп жатат.

Связанный пост