Чүйдө браконьер кармалды

 Чүйдө браконьер кармалды
Министрликтин Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 21-май күнү браконьер кармалды. КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечки саат 21:00 чамасында Мунтокун коктусунан «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, ичин кароо учурунда кылтак менен мыйзамсыз кекилик кармаган жаран аныкталды.
Аталган факт боюнча Укук бузулар жөнүндө кодексинин негизинде акт жана бузулар жөнүндө протокол түзүлүп, 10000 сом айып жана 6000 сом доо коюлду.
Браконьерликке шектүү адам каршылык көрсөтпөстөн күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды толугу менен төлөп берерин билдирди.

Связанный пост