Чүй облусунда Даниэль Аджиев кармалды
Чүй облусунда Даниэль Аджиев кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматы маалымдады.
6-март күнү болжол менен саат 12:20 чамасында Чүй облусунун ИИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарынын айланма автожолунда жаран Даниэль Аджиев кармалды.
Бул факт боюнча Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Д. Аджиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери улантылууда.