Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште алтын медаль жеңди. TYR Pro Series турниринин финалындагы жарышта кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 9,16 секунддук жыйынтык менен биринчи орунду камсыздады. Белгилей кетсек, мелдеште Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүздү. Бул жарышка жалпысынан 46 спортчу катышкан.Читать далее
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилегендей, Формула-1 UIM F1H2O чемпионаты учурунда жана ага чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалына мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү кызматтар, бир катар эксперттер жана Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тартыларын билдирди. Анын айтымында, мелдешти өткөрүү маселеси боюнча Ысык-Көл биосфералык аймагынын талаптары да эске алынган. Тиешелүү мекемелер менен кеңешүүлөр жүргүзүлүп, […]Читать далее
Кыргызстанда өтө турган UIM F1H2O суу-мотордук Формула-1 дүйнө чемпионатынын Ысык-Көл акваториясына тийгизе турган таасири көз карандысыз жана мамлекеттик экологиялык экспертизалар аркылуу бааланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, мындай деңгээлдеги эл аралык спорттук иш-чаралар үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо талап кылынбайт. Ошентсе да коомчулукта жаралган […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук курама командасы июнь айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы эки эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт. Тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары Кыргыз футбол биримдиги Палестина элине жардам көрсөтүүгө багытталган кайрымдуулук акциясын уюштурууда. Бул демилгенин алкагында беттештерге сатылган билеттерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине колдоо көрсөтүүгө багытталат. Оюндар 6-жана 9-июнь күндөрү […]Читать далее
IBF, WBO жана WBA боюнча жарым оор салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Екатеринбургда өткөн RCC Boxing Promotions турниринин башкы беттешинде немец атаандашы Михаэль Айфертти жеңди. Бул тууралуу Интерфакс маалымдады Ага ылайык, мушкер бир добуштан калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Натыйжада Бивол WBA жана IBF чемпиондук курларын коргой алды. Биволдун профессионалдык рингде азыр 25 жеңиши (12 […]Читать далее
Бишкекте медиа өкүлдөрүнүн арасында мини-футбол боюнча ”Евразия Кубогу“ аталышындагы турнир өттү. Иш-чара журналисттерди, телеалпаруучуларды, операторлорду, министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз катчыларын, блогерлерди ошондой эле Кыргызстандын медиа чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чогултту. Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоо, достук алаканы өнүктүрүү жана журналисттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу. Мелдешке жалпы 12 команда катышты. […]Читать далее
16-майда Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы көл жээгинде балык уулоо спорту боюнча республикалык Chebak Cup 2026 мелдеши өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, турнир Балык уулоо спорту федерациясы тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 18 жаштан жогорку курактагы ышкыбоздор жана профессионал балык уулоочулар арасында өткөрүлөт. Катышуу үчүн Ысык-Көл чабагын уулоого уруксат берүүчү балык […]Читать далее
Кыргызстандык мушкерлер Бразилияда өтүп жаткан 2026-жылкы дүйнө кубогундагы жүрүшүн ийгиликтүү башташты. 60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан Париж Олимпиадасынын финалисти Мунарбек Сейитбек уулу армениялык атаандашын 5:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, чейрек финалга чыкты. Ошондой эле Омар Ливаза турнирдеги алгачкы беттешинде финляндиялык спортчуну жеңип, кийинки баскычка жолдомо алды.Читать далее
1-майда Альпинизм федерациясы тарабынан эл аралык альпиниада уюштурулууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн өкүлдөр чакырылып, жалпы эки миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө. Иш-чара Чуңкурчак капчыгайынан башталып, жаңы табылган чокуга жүрүш менен уланат. Азырынча бул чоку “Альпиниада чокусу” деп аталып, анын бийиктиги деңиз деңгээлинен […]Читать далее
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 кг салмак ченинде Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде биринчи сапка жайгашты. Спортчу жалпысынан 48 миң 500 упай топтогон. Рейтингде экинчи орунга япониялык балбан, үчүнчүгө Монголиянын өкүлү жайгашты. Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев акыркы жолу Бишкекте өткөн Азия чемпионатында коло медаль жеңген.Читать далее