No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо боюнча добуш берүү аяктады. Ленин шайлоо округу боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 127 239 шайлоочу киргизилген. Анын ичинен 20169 шайлоочу же пайыздык ченем менен 15,85% добуш берүүгө катышты. Шайлоого катышуу ниетин билдирип 24 талапкер каттоодон өткөн. […]Читать далее
Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аяктады. Саат 20:00дө бардык шайлоо участкалары ишин токтотту. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 18:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 15 миң 947, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 12,53%ды түздү. Аталган округдагы шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт. Ленин бир мандаттуу шайлоо […]Читать далее
Бүгүн, 10-сентябрда № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жүрүшүндѳ 20:00 саатка карата КР БШКнын колл-борборунун шашылыш линиясына 154 чалуу болду. Кайрылуулар тѳмѳнкүдѳй мүнѳзгѳ ээ: – шайлоочулардын тизмесинен тактоо – 47; – округду тактоо – 40; – даректи тактоо – 39; – ар кандай – 28. Колл-борбордун иши шайлоо ѳнѳктүгү […]Читать далее
Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайрадан өткөрүлүп жаткан парламент депутатын шайлоо өнөктүгүнө катышты. Тагыраагы, Төрага Бишкек шаарындагы №95 мектепте ачылган №1063 шайлоо участогунда добуш берди. Андан соң Төрага шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып турган байкоочулар менен да баарлашып, добуш берүү өнөктүгү кандай жүргүзүлүп […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн 10-сентябрда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо добуш берди. Шаар башчысы Бишкектеги №74 мектепте ачылган №1045 шайлоо участкасында добуш берди. Э.Абдыкадыров белгилегендей, шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек.Читать далее
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 9 миң 758ди, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 7,67%ды түздү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт.Читать далее
БШКнын ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүүдѳ жана бузууларды тергѳѳнүн тийиштүүлүгү боюнча укук коргоо органдарына кароо жана укуктук баа берүү үчүн токтоосуз жѳнѳтүүдѳ. КР БШК тѳрагасынын орун басары Т, Шайназаров билдиргендей, […]Читать далее
Бүгүн, саат 08:00дө Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо башталды. Ленин районунда 127 миң 239 шайлоочу бар, анын ичинен 43,61 пайызы эркектер жана 56,39 пайызы аялдар. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат. Аталган округдан жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышууда.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2023-жылдын 9-сентябрында саат 8:00дөн тартып токтотуларын эске салат. БШК мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма […]Читать далее
2023-жылы 10-августта саат 24.00дө 2023-жылдын 10-сентябрьга дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. 2023-жылдын 10-августтун саат 24.00гө карата абал боюнча 34 талапкер (28 – эркек, 6 – аял) көрсөтүлдү. Кабыл алуунун акыркы күнү 4 талапкерден арыз түштү. Бүгүнкүгө карата 6 талапкер катталды. Бирөөнү каттоодон БШК […]Читать далее