Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартибин бекитти. Боршайкомдон маалымдашкандай, ошондой эле 19-августтагы жыйында президенттикке талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун иш тартиби бекитилди. Жаңы жобого ылайык, аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо жол-жоболору аныкталды. Ал эми жумушчу топ талапкерлердин […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн чүчүкулак аркылуу аныктоо тартибин бекитти. Мекеменин маалыматына караганда, учурдагы негизги жол-жобо сакталат. Ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болгон учурда чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. “Бул ыкма талапкерлердин кезектүүлүгүн кокусунан аныктоо принцибин сактоо менен бирге жол-жобону жөнөкөйлөтүп, убакытты үнөмдөөгө шарт […]Читать далее
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинен эркектер – 21, аялдар – 10. Бүгүнкү күнгө карата 11 талапкер катталды, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты. Белгилей кетсек, […]Читать далее
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 6 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар: Арстанбеков Акылбек Советбекович; Маматаев Эркинбек Садирбекович; Асанов Уланбек Жалалович; Асамудинов Бактыбек Асанович; Калматов Токторали Калдарович; Чолпонов Уланычбек Калдарбекович. Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 […]Читать далее
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 4 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар: Арстанбеков Акылбек Советбекович; Маматаев Эркинбек Садирбекович; Асанов Уланбек Жалалович; Асамудинов Бактыбек Асанович. Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн каралган чыгымдардын сметасын бекитти. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы 18 млн 507 миң сом өлчөмүндө бекитилди. Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдары республикалык бюджеттин […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-декбарда өзүнүн жыйынында “№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомун кабыл алды. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы токтому менен анык эмес деп таанылган. КР БШКсы «Кыргыз Республикасынын Президентин […]Читать далее
Жогорку Кеңештин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер 17-декабрда тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алынган. №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарын каттады. Ошентип, БШКнын маалыматы боюнча Жогорку Кеңешке 87 депутат катталды. Алар: №1 округ Чыңгыз Ажибаев; Исманали Жороев; Камила Талиева. №2 округ Ырысбек Атажанов; Бактыяр Калпаев; Бурун Аманова. №3 округ Равшанбек Рысбаев; Жаныбек Аматов; Махабат Мавлянова. №4 округ Советбек Рустамбек […]Читать далее
30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Ага ылайык, 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнү таанылып, шайлоонун жыйынтыктары боюнча 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганы белгилүү болду. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылды. Белгилей кетсек, […]Читать далее