Ысык-Ата районунун Токмок шаарындагы жана Гагарин айылындагы таштанды полигонунун абалы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, инспекциянын жүрүшүндө таштанды полигонунун учурдагы абалына, анын ичинде топтолгон таштандылардын көлөмүнө, экологиялык ченемдердин сакталышына баа берилди. Абанын сапатынын начарлашынын жана түтүндүн деңгээлинин жогорулашынын себептеринин бири болгон уруксатсыз өрттөөнү болтурбоого өзгөчө көңүл бурулду. […]Читать далее
Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын транспорт министри Ли Сяопэн менен жолукту. Ведостводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумдун алкагында өттү. Эки тараптуу жолугушууда министр Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорт тармагындагы эки тараптуу […]Читать далее
Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми тиркемеде төмөнкү эки кызмат жеткиликтүү болот: баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) тууралуу маалымкатты алуу; балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн (мамлекеттик төлөм – 170 сом). Кызматтар төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн санарипке өткөрүлгөн учурда […]Читать далее
Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды
Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ы.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,35 га болгон 5 муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Тактап айтканда, бул жер тилкелерин жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук […]Читать далее
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” чек ара бекетин күтүүсүз текшерди. Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев ал жердеги реалдуу абал менен таанышып, кемчилдиктерди көрүп, тийиштүү жетекчилерге жана кызматкерлерге жеринен тапшырмаларды жана эскертүүлөрдү берди. Камчыбек Ташиев чек ара өткөрүү пунктунда […]Читать далее
Транспорт министри: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумда сөз сүйлөп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор. Ал эми 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде “Бедел” өткөрүү пунктунун […]Читать далее
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эркин Мамбеталиевдин 5 млн 716 миң 307 долларды түзгөн мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Э.Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин балансына өткөрүп берди: Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан “Эдельвейс” эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы […]Читать далее
Омск шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мамлекеттик облустук илимий китепканада Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы маалымдады. Маданият күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулду. Иш-чаранын алкагында “Кыргыз Республикасы” стенди ачылып, анда азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын сүрөттөрү, Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу китептер […]Читать далее
Кыргызстанда 7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлер өлкө боюнча бир тизмеге катталат. Талапкерлер баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” төлөөсү керек. Андан соң муфтияттын облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына баштапкы 2 миң АКШ доллардын квитанциясын жана […]Читать далее
Бүгүн “Ош” эл аралык аэропортунда өнөктөштүктү бекемдөө максатында Кыргызстан менен Индиянын Ош – Нью-Дели – Ош багыты боюнча биринчи эл аралык чартердик каттамы ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи каттам менен 180 жүргүнчү учуп келди. Эми жүргүнчүлөр жума сайын шейшемби күнү уча алышат. Чартердик каттам транспорттук байланышты […]Читать далее