Сокулук районундагы “Аю” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мурда “Аю” холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында турган, жалпы аянты 2223,45 чарчы метр, базар баасы 267 млн 639 миң болгон “Аю” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Белгиленгендей, комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, […]Читать далее
“Каракол” тоо лыжа базасына баруучу унаа жол асфальтталууда. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жалпы 7,1 чакырымды түзгөн бул жолдун азыркы тапта 3,5 чакырымында асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат (3,1 чак. бүтүп, 400 метр жер калды). Ошондой эле, аталган тилкени бойлой жөө адамдар үчүн тротуар салынып, унаа токтотуучу жай курулду. Ал […]Читать далее
Пенсионерлердин жашоо-шартын жакшыртуу, аларга колдоо көрсөтүү маанилүү кадам болуп саналат. Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатуу чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, жалпы суммасы пенсионердин жашоо минимумунан, же 6900 сомдон төмөн болгон пенсиялар үчүн пенсиянын базалык бөлүгүнө индексация жүргүзүлөт. Бул “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды […]Читать далее
Кылычбаев Алтынбек Таирович №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Белгилей кетсек, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үстүбүздөгү жылы 22-сентябрда өткөн. Ал эми 26-сентябда БШКнын №150 токтому менен Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун […]Читать далее
Кыргызстандан Афганистанга 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 75 […]Читать далее
“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга эң заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган дагы 50 мектеп автобусун белекке берди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана “Евразия” кеңешинин төрагасы Алена Аршинова, билим берүү жана илим министри Догдуркүл […]Читать далее
Евразиялык аялдар форумунун уюштуруучулары Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованы коомдук демилгелери үчүн диплом менен сыйлады. Форум Санкт-Петербургда өттү. Бул дүйнө жүзү боюнча аял лидерлердин диалогу үчүн ири эл аралык аянтча болуп саналат. “Урматтуу Валентина Ивановна! “Коомдук таануу” сыйлыгын тапшырууга байланыштуу мага көрсөткөн колдооңуз жана баалооңуз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Бул сыйлык аялдардын коомдун туруктуу […]Читать далее
“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Евразия” АНО кеңешинин төрагасы Алена Аршинова билдирди. Анын айтымында, келишимдин алкагында “Евразия” буга чейин республикага эң заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган 50 мектеп автобусун берген. “Жакында биз алыскы аймактардагы балдар үчүн […]Читать далее
2024-2025-окуу жылына карата Сибирь жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынып, алардын ичинен 195и бюджеттик окутуу формасына өткөн. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Омск жана Томск шаарларындагы ардактуу консулдарынын жардамы менен ишке ашкан. Кыргызстандык абитуриенттер Сибирдеги төмөнкү жогорку окуу жайларга тапшырышты: Томск жогорку окуу жайлары […]Читать далее
Абанын булгагандарга каршы чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Муниципалитет жеке сектордун жашоочулары көптөгөн эскертүүлөгө карабастан тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү улантууда. Таштандыларды өрттөө үчүн айыпты Аламүдүн айылынын жана Ала-Тоо 2 конушунун тургундары алышкан. Аларга КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол жазылган. Эки жеке адам […]Читать далее