Жыл башынан бери айдоочуларга 17 млн 335 миң 499 сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ОСАГО боюнча жалпысынан 190 камсыздандыруу окуясы катталган. Эң ири төлөм 300 миң сом болду. Бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине (ар бирине 150 000 сомдон) төлөндү. Муну менен катар адам […]Читать далее
1-июлдан 28-июлга чейин автоунаа ээлерине 38 345 жаңы полис берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан жыл башынан бери 266 миң 465 автоунаа камсыздандырылган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул көрсөткүч жарандардын жоопкерчилигинин жогорулап жатканын тастыктап турганын белгиледи. Ошондой эле уюм өз ишинде ачыктыкты, ыкчамдуулукту жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоопкерчиликти карманарын кошумчалады.Читать далее
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушунун жүрүшүн текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, объект Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп, 80 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жай менен жабдылат. Комплекстин жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө участокто сэндвич-панельден чатыр орнотулуп, ички инженердик тармактары тартылып, биринчи жана экинчи […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 1-августтан тарта камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттары өзгөрөрүн эскертет. Тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 413 токтомуна ылайык, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө” нускамасына киргизилди. Жаңы ченемдерге ылайык, 2025-жылдын 1-августунан тартып камсыздандыруу полиси төмөнкү учурларда алынат: отчеттук ай үчүн ишти жүргүзүүгө […]Читать далее
31-июлда узакка созулган оорудан кийин, 89 жаш курагында Кыргызстандын көрүнүктүү уулу — Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Владимир Михайлович Плоских дүйнөдөн кайтты. Владимир Михайловичтин дүйнөдөн кайткандыгы —илим, билим жана маданият чөйрөсү үчүн орду толгус жоготуу. Элге жана Ата Мекенге кызмат кылууну өмүрүнүн маңызына айланткан, дүйнөгө таанылган […]Читать далее
2025-жылдын 1-июлуна карата ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 112,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды төлөөнүн жалпы көлөмү 4 млрд 422,2 млн сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 1 357 адамга көбөйдү Анын ичинен: […]Читать далее
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин саны 14 906 адамга жетип, аларга 793 млн сомдон ашуун каражат төлөндү. Майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 15 225ти түздү, анын ичинен 9 582си — 18 жашка чейинки […]Читать далее
Жыл башынан бери керектөөчүлөрдүн укугу бузулгандыгы боюнча 353 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, кайрылуулардын 85 пайызынын маселеси толугу менен канааттандырылып, 15 пайызы тиешелүү укук коргоо коргоо органдарына жиберилген. “Былтыр керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында 2 млн 400 миң сомду аларга кайтарып бергенбиз. Ал […]Читать далее
Өлкөдө 2025-2030-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча жаңы улуттук программа ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов БУУнун Азык-түлүк системалары боюнча саммитинде билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, саммит Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында өтүүдө. Кыргызстан саммитке активдүү катышуу менен туруктуу өнүгүүнүн максаттарына, агроазык-түлүк системаларын трансформациялоого жана […]Читать далее
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып заманбап санариптик технологиялардын негизинде түзүлгөн жаңы форматтагы “Тунгуч” онлайн мектеби өз ишин баштайт. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 5-11-класстардын окуучулары онлайн окутууга кабыл алынат. Ата-энелер талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча маалыматтар менен https://tunguch.kg/ расмий сайты аркылуу тааныша алышат. Документтерди кабыл алуу Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча жүргүзүлѳт, ошондой эле онлайн режимде дагы кабыл […]Читать далее