“Бишкек ЖЭБ” муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине карата жабдууларды жана өндүрүштүк инфраструктураны даярдоо иштерин улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда казан жана турбиналык жабдууларды оңдоо, электр-техникалык жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана отун чарбасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. “Оңдоо иштери 80 пайызга аткарылды. Негизги көңүл ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилинде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга бурулууда”,-деп айтылат […]Читать далее
Ош шаарындагы эт сатуучу дүкөндөргө эттин баасын көзөмөлдөө боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда эттин баасын көтөрбөө, бекитилип берилген баадан жогору сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейдге Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү жана Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Муниципалдык инспекция жана […]Читать далее
Бүгүн, 17-сентябрда Бишкекте үч эм төрөлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, шаардык перинаталдык борбордо 26 жаштагы келин кесарево жолу менен төрөдү. Ал мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен перинаталдык борборго жаткырылган. Бул анын үчүнчү төрөтү экени айтылды. “Үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлгөн. Ымыркайлардын салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү. Учурда […]Читать далее
19-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу министрлик жарандарды, ишкерлерди, мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, коомдук уюмдарды, жаштарды жана бардык кайдыгер эмес жарандарды ишембиликке активдүү катышууга чакырат. “Ишембиликке катышуу менен ар бирибиз өзүбүз жашаган аймактын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө салым кошуп, жаратылышка аяр мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтө […]Читать далее
Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан атайын баа бекитилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, баа малды багуудан тарта базарга чейинки кеткен чыгымдардын баарын анализдегенден кийин коюлду. Мындан ары Бишкек шаарында уйдун сулп этинин баасы 870 сомдон сатылат. Ал эми сөөгү менен эттин дүң […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган унааларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Мэриядан билдиришкендей, ачык соода 24-сентябрда саат 10:00дө Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт. Аукционго жалпы 106 лот коюлат. Аукционго катышуу үчүн арыздар 18-сентябрга чейин Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында кабыл алынат. Катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: тандалган лоттун номери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз; өздүгүн […]Читать далее
Бишкекке кондиционери бар YUTONG үлгүсүндөгү 95 жаңы автобус алып келинди. Мэриядан билдиришкендей, узундугу 12 метр болгон автобустар этап-этабы менен шаардык каттамдарга чыгарылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады. Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 5:00дөн тарта алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү. Ал эми №153 каттамга […]Читать далее
Сеулда өткөн “Борбор Азия + Корея” саммити учурунда Кыргызстанды Борбор Азиянын Швейцариясына салыштырышты. Президент Садыр Жапаров келген учурда алып баруучулар жана эксперттер Кыргызстандын тоолуу аймагы, кооз көлдөрү тууралуу сөз кылышты. “Кыргызстанды Борбор Азиянын Швейцариясы деп атап жүрүшөт. Өлкөнүн аймагынын 90 пайыздан ашыгы тоолуу. Деңиз деңгээлинен 2-3 миң метр бийиктикте жайгашкан кооз көлдөрү көп. Кыргызстанга барып […]Читать далее
Кыргызстандыктардын Казакстанга кирүү жана ал жакта болуу тартиби өзгөрүүсүз бойдон калууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда QazETA системасы пилоттук режимде иштеп жатат жана азыркы этапта Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн аталган системаны колдонуу милдеттүү эмес. “Миграциялык эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле казак тараптан расмий маалымат келип түшкөндө, жарандарга белгиленген тартипте кошумча маалымат берилет”,-деп айтылат билдирүүдө.Читать далее
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандарды миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды. Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстанга иштөө максатында келген чет элдик жарандар тиешелүү уруксат документтерин, анын ичинде Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө, өз убагында каттоодон өтүүгө жана өлкөдө болуунун белгиленген мөөнөттөрүн сактоого милдеттүү. “Тиешелүү уруксат документтери жок иш жүргүзүү, өлкөдө болуу мөөнөтүн бузуу же каттоодон өтпөө […]Читать далее