Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруунун мөөнөтү узарышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчичи Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды. Ал белгилегендей, учурда эски үлгүдөгү күбөлүктөр акысыз алмаштырылып жатат. “Ага 1 ай убакыт берилди, эгер ал убакта жетишпей калгандар болсо кошумча убакыт беребиз, эч кам санабаңыздар. Элге жеңилдик болсун деп, буга чейин талап кылынып жаткан […]Читать далее
Тамак-аш баасын атайылап кымбаттаткан жайларга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, КР Укук бузуулар кодексинин соода эрежелерин бузуу боюнча 286-беренесине ылайык, жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн, аталган өлкөгө барууну же андан чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына төмөндөгүнү маалымдайт. Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы учурда эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү Иранга/Ирандан аткарылуучу каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан, ошондой эле учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болууда. “Эгер аба транспорту менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу […]Читать далее
Бишкек шаарындагы №87 жалпы билим берүү мектебиндеги мугалимдин жүрүм-туруму боюнча окуя иликтене баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштер башталды. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда №87 мектепте орун алган кырдаалды териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. “Бул окуя агартуу […]Читать далее
Өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган маанилүү максаттардын бири жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жагымдуу, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү жана темир жол байланышын популярдуу кылуу болгон. Ишкана өлкө ичинде – Бишкек-Токмок, Бишкек-Кайыңды, жайкысын Бишкек-Балыкчы багыттары боюнча, ошондой эле өлкө чегинен тышкары: Бишкек-Казань, Бишкек-Москва багыттары боюнча туруктуу каттамдарды камсыз кылууну улантууда. 2025-жылы Токмок жана Кара-Балтадан Бишкекке күн сайын жумушка […]Читать далее
Өлкөнүн телеканалдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында “Кыргызфильм” жана “Кыргызсериалдын” тасмаларын көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев телеканалдар үчүн өткөрүлгөн жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай чечимдер өлкөнүн телеканалдарында ата мекендик өндүрүштөгү продукциялардын азайып кеткендигине жана мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү жөнүндөгү мыйзамдын аткарылбай жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды. Ал […]Читать далее
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусундагы Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун шартына жана кармалгандардын укуктарынын сакталышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты. Анда белгиленгендей, институттун кызматкерлерине аталган борбордун аймагына кирүүгө эки ирет тоскоолдук жаралган. Алар 28-октябрда чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө барып, борборго кире алышкан эмес. Аталган […]Читать далее
Бүгүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкөнүн телеканалдарына жыйын өткөрүп, көрүүчүлөрдү ата мекендик өндүрүштөгү контенттер менен көбүрөөк камсыз кылууну сунуштады. Министрлик жүргүзгөн талдоолорго ылайык, айрым телеканалдар он жыл мурун тартылган продукцияларды байма-бай кайталап көрсөтүп келишет. Алардын прайм-тайм убактысында ата мекендик өндүрүштүн контенттери дээрлик жок. Жыйында министрдин орун басары Марат Тагаев “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” […]Читать далее
Бүгүн эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу башталды. Жарандар эми 15-февралга чейин күбөлүктүн жаңысын акысыз алууга мүмкүнчүлүгү бар. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев белгилегендей, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт. Болгону жаранда өздүгүн тастыктаган документи жана эски айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик […]Читать далее
“Манас” аэропортунда жарыктандыруу системасы тесттик режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аба майданда системаны орнотуу иштери жүрүүдө. Азыр жабдуу 2-категорияда, 10 күн ичинде 3-категорияга жогорулатылат. “Тесттик иштер жүрүп жатканда кемчиликтер каралып чыгат. Андан соң система толугу менен иштеп баштайт. Бул иштерге эки жумадай убакыт кетиши […]Читать далее