2025-жылдын 27-январынан тартып, 1-февралына чейин, өлкө аймагында “Жөө жүргүнчү” аталышында рейд өткөрүлүп, жалпы 19317 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Алардын ичинен: -1842 жөө жүргүнчүгө жолдорду кесип, туура эмес жерлерден өткөндүгү үчүн 1000 сомдон айып салынган; -4920 айдоочуга жөө өткөлдөрдөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербегендиги үчүн 3000 сомдон айып салынды. Эскерте кетсек, 2024-жыл ичи катталган жол […]Читать далее
Прокуратура органдарынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кеңейтилген коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумда 2024-жылдын жыйынтыктары талкууланып, прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча аткарган иштери боюнча баяндамалар угулду. Атап айтканда 2024-жылы республика аймагы боюнча 14 124 прокурордук актылар келтирилип, жыйынтыгы менен 7 708 кызметкер жоопкерчиликке […]Читать далее
Бүгүн, 28-январда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро-Диалог 2025” агроөнөр жай форуму өз ишин баштады. Төрт күнгө созулган иш-чарага айыл чарба тармагынын лидерлери, мыкты фермерлер, ишкерлер жана адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет. Агрофорум 28-30-январда К.И. Скрябин […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат. Өткөрмө бекеттер 1-февралда кайра иштеп баштайт.Читать далее
Бишкек шаарынын 2024-жылдын январь-декабрда түшкөн кирешелери 36,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу шаар мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков мэриянын коллегиясында билдирди. Анын айтымында, кирешелердин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 14,9 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 168,4%ды көрсөттү. “Салыктык кирешелер 16,6 млрд сомду түздү. Бул 2023-жылга салыштырганда 3,5 млрд сомго көбөйдү, өсүү темпи 127,5 пайызды […]Читать далее
Эртең электр энергиясына карызы бар Бишкектеги 5300дөн ашык абонент дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы билдирди. Белгиленгендей, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн компаниянын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттери каалаган убакта жеке кабинетинин абалын көрө алышат. Мындан тышкары, турак-жай абоненттери […]Читать далее
Бишкекке 12 метрлик, газ менен жүрүүчү IZUZU үлгүсүндөгү 43 бирдик жүргүнчү автобустардын үчүнчү партиясы алынып келинди. Мэриядан билдиришкендей, үч эшиктүү 12 метрлик автобустар 85 жүргүнчүгө ылайыкталган. Автобуста ден соолугунан мүкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар коюлган, кош бойлуу аялдар жана кары-картаңдар үчүн атайын орундуктар каралган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар ( камера, аба […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы М. Горький атындагы STEM-билим берүү ыкмасындагы мектеп-гимназиянын мугалимдерине “Алтын Казык” маркасындагы алгачкы ноутбуктарды тапшыруу аземине катышты. Окуу жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстандын мектептери, тагыраагы математика, физика, химия, биология жана компьютердик технологиялар боюнча так илимдердин мугалимдери 27 миң ноутбук алат. […]Читать далее
Россиянын Сахалин облусунда кармалган кыргызстандыктын жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти Маалыматка караганда, министрликте Сахалин облусунда Сахалин облусунун укук коргоо органдары тарабынан 2002-жылы туулган КР жараны А.Н.нын кармалганы тууралуу маалымат бар. Ал РФ Кылмыш-жаза кодексинин “Автомобиль, трамвай же башка механикалык транспорт каражатын башкарган адамдын, жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы билим берүү байланыштарын бекемдөө боюнча мүмкүн болгон кадамдарды талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи министрге VSО эл аралык ыктыярчылар уюмунун өкүлдөрүн тааныштырды. Өз кезегинде алар аталган уюмдун ишмердүүлүгү жана эл аралык аренада билим […]Читать далее