Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын төрт айында рейддик салык контролунун жүрүшүндө 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) тартып алды. Анын ичинде АИ-92 маркасындагы 52,7 миң литр, АИ-80 маркасындагы 33,6 миң литр бензин жана 12,3 миң литр дизелдик отун тартып алынган. Аныкталган мыйзам бузуулардын жыйынтыгы боюнча Салык кызматкерлери тарабынан 943 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып […]Читать далее
Эми жарандарыбыз көчөдөгү жол эреже бузууларды түз жөнөтө алышат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарыбыздын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн күнү-түнү байланышта болгон (0777) 102-102 “WhatsApp” номурун ишке киргизди. Мындан ары жарандарыбыз көчөлөрдөгү унаалардын туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурларын, жол тыгындарын, жол кырсыктарын мас айдоочуларды жана […]Читать далее
Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева КМШ өлкөлөрүнүн балдар психологдорунун, социалдык педагогдорунун жана социалдык кызматкерлеринин эл аралык конференциясына катышты. Иш-чара “социалдык-психологиялык кызматтардын ишмердүүлүгү аркылуу балдардын укуктарын ишке ашыруу” темасына арналган. Комиссиянын 2023-2024-жылдарга карата иш планынын пунктун аткаруунун алкагында Казакстан тарабынан уюштурулган “КМШ өлкөлөрүнүн балдар психологдорунун, социалдык педагогдорунун жана социалдык кызматкерлеринин […]Читать далее
25-май күнү Кыргызстандын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу түрдө акыркы коңгуроо өтөт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу балдардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат. Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ички иштер жана кайгуул-күзөт кызматкерлери тарабынан ар бир билим берүү мекемелеринде коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда […]Читать далее
Бүгүн Бишкектен Пакистанга 7 каттам учат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамдардын экөө туруктуу каттамдар, ал эми калгандары болсо Пакистан бийлиги тарабынан демилгеленген атайын каттамдар. “Учактар Исламабад, Пешавар жана Лахорго шаарларына жөнөйт. Бүгүнкү ырааттама боюнча жети каттамдын учуусу пландалган. Эртеңкиге карата азырынча маалымат жок”, – […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун Талас районунун Ак-Калпак айылындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майды (дизель отуну) мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысын аныкташты. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан жалпы көлөмү 9,5 тоннага жакын дизелдик отун майы табылды. Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз жүгү бар транспорт каражаты айып короо жайына токтотулду. Салык кызматы республиканын аймагында […]Читать далее
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда алардын окуусуна, коопсуздугуна жана ден соолукктары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык компания “РСК Банкы” менен биргеликте КР президентинин демилгеси менен “Топтолмо ипотека” жаңы социалдык долбоорун иштеп чыгууда. Ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Программа мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өлкөдө жашаган жана чет өлкөдө иштеген жарандарды турак жай менен камсыздоого багытталган. Топтолмо ипотеканын негизги артыкчылыктары болуп эң ыңгайлуу пайыздык чендер […]Читать далее
Ишкерлер “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз” маалыматтык системасында 2,9 миллион уникалдуу товарлардын түрүн катташты. 2024-жылдын 4 айында катталган уникалдуу товарлардын түрлөрүнүн саны 572,1 миң бирдикке көбөйгөн. Ошондой эле ушул мезгилде ачык виртуалдык кампалардын саны 40,1 миңге көбөйүп, жалпы саны 162,5 миңди түздү. Январь-апрель айларында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонгон ишкерлердин саны 41,2 миң колдонуучуга көбөйдү. ЭТТК системасында […]Читать далее
Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандагы ЖОЖдордогу чет элдик студенттердин коопсуздугу, ден соолук жана билим алуу маселелери талкууланды. Алымкадыр Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстанда билим алууга тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, муну эл аралык билим берүү байланыштарын жана маданий алмашууну өнүктүрүү контекстинде негиздеди. Ал студенттер менен түшүндүрүү […]Читать далее