Чүй районунун жана Токмок шаарынын мектептеринин 841 бүтүрүүчүсү жыл башынан бери кесиптик багыт алуу боюнча консультациялардан өтүштү. Бул тууралуу Чүй район аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти. Консультациялардын жүрүшүндө окуучулар жеке жөндөмдүүлүктөрүн аныктоого жана аларды кесиптик чөйрөнүн талаптары менен салыштырууга мүмкүндүк берген кызыкчылыктардын навигаторунан өтүштү. Башкача айтканда, тест өспүрүмгө кандай иш-чаралар ылайыктуу экендигин […]Читать далее
Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгесине ылайык, КР Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында берилген квотанын негизинде 105 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100миң сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттар тапшырылды. Аталган долбоордун алкагында Ак-Талаа району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлө чакан ишкердик кылуу боюнча долбоор жазып, бардыгы комиссиянын […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын жана Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин катышууларында өттү. Жылдыз Полотованын айтымында, бул активдүү чара кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана жакырчылыктан чыгууга багытталган. «Өткөн жылы социалдык контракт сыяктуу активдүү чаралардын аркасында биз […]Читать далее
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Биринчи май районундагы 8 объектте курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жаш Гвардия бульварынын Жибек-Жолу проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки тротуардын кыртышы даярдалып, жолдогу чек таштары жана ирригация системасы орнотулду. Жакынкы күндөрү асфальт-бетон төшөө иштери башталып, объект бүткөрүлөт. Көлмө конушунда Максат, Илим, Тынчтык жана Айкөл көчөлөрүнүн […]Читать далее
Сох – Кан – Зардалы жолу кум-шагылдан тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу КРнын ӨКМ пресс-борбору билдирди. Баткен районунда 10-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дара айыл аймагына жакын жайгашкан кокту-колоттордон сел суулары агып, Сох – Кан – Зардалы унаа жолунун 10-11-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. Мындан улам унаа жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине №2 жол тейлөө ишканасынан […]Читать далее
Туризм департаменти Үрүмчү шаарындагы Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты. Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 8-апрелинен 10-апрелине чейин Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын эл аралык көргөзмө борборунда Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышты. Расмий жолугушууда Туризм департаменти Кытай […]Читать далее
Баткендик ишкер тамчылатып сугаруу менен 66 гектар жерди өздөштүрдү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жеке ишкердин жаңыдан өздөштүргөн багына барды. Жеке ишкер Билал Идинов, бош жаткан 66 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен […]Читать далее
«Манас эл аралык аэропорту» ААКнун маалыматы боюнча, Ош-Омск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды. Орусиялык «Северный ветер» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-мартынан баштап үзгүлтүксүз Омск-Ош-Омск багыты боюнча авиакаттамдарын жандантты. Авиакаттамдар жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруучулук колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жетектеген делегация 2023-жылдын 7-8-апрелинде Екатеринбург шаарында жыл сайын өтүүчү “ЖАЙ-2023” Эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты. Делегациянын курамында Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринин, атап айтканда «С.А.Т.», «Travelnomad.kg», […]Читать далее
Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык эртең, 11-апрелден 13-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу; 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында; Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз […]Читать далее