Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалымат боюнча, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында эки тилкеден сел суулары түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда облустарды бириктирген жол бир тараптуу […]Читать далее
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында (Боом капчыгайы) болжол менен саат 16:30дар чамасында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, каттам эки тараптуу убактылуу жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Министрлик айдоочуларга убактылуу жолго чыкпай турууну сунуштайт.Читать далее
Бүгүн, 5-августта Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун “Кобальт-2022” атайын-тактикалык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, машыгуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин атайын багыттагы бөлүмдөрү бандалык жол-жоболорду, террористтик топторду издөө, бөгөт коюу жана жок кылуу, ошондой эле баңгизаттардын контрабандалык каналдарын жабуу жана баңги заттарды сактоо жана […]Читать далее
Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-августта министр Эркинбек Осоев улук инженер Гэнг Джун башында турган Кытайдын темир жол куруу корпорациясы институтунун өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар темир жол куруу тармагында иштер […]Читать далее
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды салынуучу челектерди жууп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Алсак, Биринчи май району боюнча 863 челек жана 86 алар турган аянт жуулуп дезинфекцияланган; Ленин районунда 620 таштанды челеги жана 92 аянтча; Свердлов районунда 785 таштанды челек жана 114 алар турган аянтча тазаланып, дезинфекциядан өткөн. Андан соң таштанды челектери жана аянтчалар сырдалган. Мындан тышкары, […]Читать далее
Энергетикалык компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Улуттук энергохолдинг ишканасы жогоруда аталган тармакта ротациялоо иштерин жүргүзүүдө. Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, орун алмаштыруу иштери бөлүштүрүүчү энергокомпанияларынын башкы директорлоруна тийиштүү болду. Андан сырткары, 57 РЭТтин жана электр энергиясын таратуу ишканасынын 6 башчысы иш орундарын алмаштырып, мындан ары ишмердүүлүгүн башка облустардан улантышат. Жетекчилик кызматка дайындоодо […]Читать далее
Кыргызстанда керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген баасы 78 сомго төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, азыркы учурда мамлекет социалдык жактан маанилүү товарларга, алардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чоң көңүл буруп жатат. Бул ун, кум шекер, өсүмдүк майы, сүт жана башка. Кечээ, 4-августта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында жетекчи […]Читать далее
Бишкекте кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, көмүр камдоо июль айында башталган. Мэриядан белгилешкендей, Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат. Ленин районунун аймагында төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы […]Читать далее
Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 4-августта издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 29 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Издөө бүгүн, 5-август күнү улантылат. Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты […]Читать далее
Чүй районундагы сууга түшүүчү жайлардан, көлмөлөрдөн жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларынан кырсыктарды болтурбоо максатында үч күндүк түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда жарандарга, жашы жете электерге сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, тыюу салынган жерлерде сууга түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери бир катар кеңештерди […]Читать далее