2023-жылдын 17-августунан 21-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы ЭКСПО Кытай – Евразия продуктылары жана соода-2023 көргөзмөсүнө активдүү катышып, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган улуттук көргөзмө павильонун тартуулады. Катышуунун негизги максаты ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна жылдыруу болду. Бул көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ишканалары эл аралык соода тармагында маанилүү натыйжаларга жетишти. Ар турдуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чогулган жүк ташуучу унаалар жайгашкан жерге жардам чатырлары тигилди. Мында айдоочуларга медициналык, психологиялык жардамдарды жана ар кандай кеңештерди берүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган. Бул багытта МинКаб Төрагасынын тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы […]Читать далее
Россиянын мамлекеттик академиялык кичи театрынын алдындагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайында жана Россия театралдык искусство институтунда билим алып жаткан студенттерге, магистранттарга жана аспиранттарга мамлекет тарабынан стипендия төлөнөт. Мындай токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койду. Бул кадам маданият жана искусство мекемелери үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, таланттуу жаштарга дем […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Биринчи май районунун аймагында жумушчу топтун шаар тургундары жана ишкерлер менен бир нече жолугушуусу өттү. Эми Манас көчөсү, 7 үйүнүн жаңы көрүнүшүнө суктансаңыз болот, Баят базарынын администрациясы (М.Ганди көчөсү, 212) четте калбай, кире бериш тобун гана жаңыртпастан, тегерек-четин иретке келтиришти. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы айрым таштанды контейнерлери турган аймактарда видео камераларды орнотту. Көбүнчө камералар, таштандылар мөөнөтүнөн мурда толуп калган же тигүү цехтеринен чыккан жана курулуш калдыктары менен толгон жерлерге коюлду. Белгилей кетсек учурда 19 камера иштеп жатат, жыл аягына чейин дагы 20 камера ишке кирет. Курулуш жана тигүү калдыктарын ыргыткан жарандардын видео материалдары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдайт! Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2022-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин талап кылынбаган товарлар «КММ» ЖАКтын (Сокулук району, «Манас» эл аралык аэропорту) убактылуу сактоо кампасында сакталып турганын, аларга карата бажы аларды бошотууга байланыштуу операциялар өткөрүлбөгөндүгүн маалымдайт. Буга байланыштуу аталган товарлардын ээлери «Манас» бажысына кайрылуусу зарыл. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөбөндөрдү табуу жана айып салуу боюнча иш-чараларды жүргүзө баштайт. Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Эскерте […]Читать далее
2023-жылдын 21- августунда «Ош» эл аралык аэропортунда Жиддадан учуп келген биринчи учакты салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алышты. Биринчи каттам менен Оштон 157 жүргүнчү учуп кетти. Сауд Арабиянын «Flynas» авиакомпаниясы Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү Airbus A-321 NEO учагы менен үзгүлтүксүз каттамдарды аткармакчы. «Flynas» авиакаттамдарына билеттерди авиакомпаниянын […]Читать далее
Компаниянын ишмердигинин убактысында жаратылыш газы борбор калаадагы 27 миң үйгө жеткиликтүү болду, аларда 135 миңден ашык адам жашайт. Бишкекти газдаштыруу деңгээли 66%га жетти. Бишкектин да, ошондой эле республиканын жаңы калктуу конуштарын газдаштыруу «Газпром Кыргызстан» инвестициялык каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Компания иштеп жаткан 9 жылда республиканын 42 калктуу конушунда 1250 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулган. Үстүбүздөгү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча Башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги астында райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер амнистиясын өткөрүүдө көмөк көрсөтүү жана усулдук жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму видеоконференцбайланыш аркылуу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын […]Читать далее