Бишкекте Ички аскерлердин күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Майрамдык иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин Командачылыгынын аскер кызматкерлери, ардагерлер жана чакырылган коноктор катышты. Салтанаттуу аземдин башында иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ички аскерлердин ардагерлерин эскерүү менен “Баатырлар аллеясынын” өчпөс отуна гүлчамбар коюшту. Ички иштер министринин орун басары Ички […]Читать далее
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын тизмеси: Башкы концерт 31-августта саат 19:30да Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтөт. Күндүз «Ден соолук» сейил багында саат 16.00-19.00 райондун балдары үчүн спорттун 5 түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле «Ден соолук» сейил багында 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Владимирович […]Читать далее
24-августта Ысык-Ата РИИБне Новопокровка айылынын тургуну 1978-жылы туулган Ш.О. өзүнүн үйүнүн короосунда, адамдын денесинде жаракаттары болуп табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-статьясында ( адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам аныкталды. Ал өлгөн адамдын аялы 1983-жылы […]Читать далее
ИИМ «Унаа» Мамлекеттик мекемесинде колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номер белгилерин сатуу боюнча аукциону болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Басма сөз кызматы билдирди. Түстүү металл сыныктарынын (алюминий) жалпы салмагы 74 601 кг. болду. Бул түстүү металл сыныктарынын 1 кг. старттык баасы өз алдынча жүктөп кетүүнү алуу эске алуу менен 90 сом деп […]Читать далее
Бишкектин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиев япониялык «KYOSAN» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда тараптар “Жол кыймылын башкаруунун интеллектуалдык системасы” долбоорунун ишке ашырылышын талкуулады. Компаниянын өкүлдөрү жол тыгынын азайтуу үчүн “акылдуу” жол чырактардын системасын тааныштырды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кызматтар менен биргеликте борбор калаанын жол […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды. Ал белгилегендей, компаниянын башкармалыгынын төрагасы […]Читать далее
Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгиледи. “Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук […]Читать далее
Баткенде дээрлик жарым млн сомдук алюминий зымын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын жайгашкан Развилка мобилдик постунда А.К.Ж. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда ар бири салмагы 84 кг, узундугу 1000 метр болгон изоляциясы жок А35 маркасындагы […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда айрым жолдор эки күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жана КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтөт. Мындан улам Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келет. Буга байланыштуу Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Ата […]Читать далее
Өлкө боюнча окулган 111 хатм курандын дубасы жол кырсыгынан көз жумган маркумдарга багышталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев, АКнын төрагасынын орун басары Кенжетай Курманходжаев, азирети муфтий Замир Ракиев жана Муфтияттын эмгек жамааты Бишкек шаарындагы борбордук мечитте өлкө боюнча окулган 111 хатм Курандын дубасын Ульяновск облусунун […]Читать далее