Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Ош шаарынын тургундарынын суроолорунун басымдуу бөлүгү активдүү иш жүргүзүп, буга чейин ондогон жарандарды алдап кеткен коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү болду. Көптөгөн кайрылуулар шаар четиндеги (дача) кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылык схемаларынын кесепеттерине […]Читать далее
Октябрь районунун Көк-Жар конушунда воркаут аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Кыргызстандын Work Out ассоциациясынын спортчулары мастер-класс көрсөтүшүп, иш-чаранын соңунда балдарга балмуздак таратылды. Октябрь районунун акими Азамат Дороев шаар тургундарын куттуктап, демөөрчүлүк көрсөткөн «Ихлас» курулуш компаниясына ыраазычылыгын билдирди.Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйынга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда. Жыйында, жарандар чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин чечилүүсүн сурашып, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, коомчулуктагы мыйзамсыз иш-аракеттер, укук коргоо органдарына байланыштуу мүчүлүштүктөр тууралуу суроолорду салышты. Жарандардын арыз-кайрылуулары Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыш иштери, алардын алдын алуу жана мындай кылмыштарга баргандарга жаза берүү маселеси боюнча өз пикирин билдирди. Мамлекеттик катчынын билдирүүсү: “Ушу тапта эрезеге жетелек балдарга карата нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган оор кылмыштар менен жосунсуз жоруктардын кескин өсүп жатышы коомчулукту абдан тынчсыздандырууда. Мен жакында эле аялдарга жана балдарга […]Читать далее
Бүгүн, 8-августта Нарын шаарында “Ыйман” бала бакчасынын 50 орундуу кошумча корпусу ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган корпустун курулушу ушул жылдын апрель айында башталган. Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулуп жаткан имарат MSDSPI KG коомдук фонду тарабынан 4 млн 901 миң сомго каржыланып, буга […]Читать далее
Күздүн келиши менен жалбырактарды массалык түрдө өрттөө башталат. Жалбырактарды жана куураган чөптөрдү өрттөө абанын булганышына алып келет. Аны өндүрүштүк газдар менен салыштырууга болот. Ошондой эле адамдардын ден соолугун начарлатат, кээ бир өнөкөт ооруларды, өзгөчө астма менен ооруган адамдардын ооруларын күчөтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ден-соолукка терс таасирин тийгизүүдөн тышкары, жалбырактарды […]Читать далее
Борбор калаанын мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды. Эске салсак, Сатымкулова Нурзада Көчөркановна 27-июль күнү саат 18:15те Шаардык перинаталдык борбордо көз жарган. Биринчи баланын салмагы 1995 гр, бою 45 см, экинчиси кыз 1990 гр, бою 45 см, үчүнчү эркек баланын салмагы 1885 гр, бою 44 см. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай […]Читать далее
Бүгүн, 8-сентябрда бийлик өкүлдөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана президенттин Ош облусундагы ѳкүлү Зиядин Жамалдинов катышты. Мындагы жашоочулар негизинен Чоң-Алай районунун […]Читать далее
Бишкекте биринчи ата мекендик Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) унаасынын бет ачары уюштурулду. Унааны жасоо идеясы Медер Койлубаевге таандык. Анын айтымында, спорттук унаа толугу менен колго чогултулган. 6 жылга созулган жыйында гибриддик материалдар жана түрдүү тетиктер колдонулган. Капоттун астында 300 аттын күчү бар Subaru Legacy унаасынын кыймылдаткычы жайгашкан. «Бул амбициялуу долбоор. Бул ишке ашкан […]Читать далее