Кыргызстандын аймагында бүгүн саат 12:22де очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта, Алматы шаарынан 40 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүктө жайгашкан. Жердин силкинүүсү Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 4 балл, […]Читать далее
Толук кандуу оңдоо ишин жүргүзүү үчүн Бишкек Жылуулук электр борборунун жана жылуулук тармактарынын ишин токтотуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, эгер былтыркы жылы май-июнь айларында өчүрүлгөн болсо, быйыл жылуулук борборлорунун ишин 30-40 күнгө өчүрүү каралууда, бул иштин көлөмүнө жараша болот. “Оңдоо иштеринин графиги […]Читать далее
Бүгүн, 4-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 753 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 162 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 759 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее
Быйыл 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин өткөн жылга салыштымалуу эрте баштоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылытуу сезону ийгиликтүү аяктады. “Электр станциялары” ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 5-марттан тарта реконструкцияга берилет. Аталган гидроагрегаттын реконструкциялоо иштери план боюнча бүтүп ишке берилсе, 60 […]Читать далее
“Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар”, – деп билдирди бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 7 млрд 753 млн метр куб болсо, былтыр 8 млрд 35 млн метр кубду түзгөн. “Керектөөнүн көптүгүнө байланыштуу жуктөмдү автоматтык чектөө системасы иштеп жатат. […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти. Ведомствонун маалыматына таянсак, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар: Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы; Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), […]Читать далее
Бишкектеги борбордук китепканада “Улуттук баалуулук – улуттун тамыры” аталышындагы улуттук каада-салтты сактоого арналган иш-чара өттү. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, китепканачылар тарабынан уюштурулган маданий кечеде «Манас» эпосу, кыргыз бийи, ошондой эле кыргыздын каада-салттары аткарылып, улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен коштолду. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, белгилүү манасчы-жазуучу Темирбек Токтогазиев, республикалык “Кыргыз тили” […]Читать далее
Мыйзамсыз менчиктештирилген 13 млн. сомдук объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасы маалымдады. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын Политех көчөсүндө жайгашкан аянты 92,4 чарчы метр болгон турак эмес жай мамлекетке кайтарылды. Текшерүүдө, аталган турак эмес жай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан 1994-жылдын 18-апрелиндеги сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде […]Читать далее
1992-жылында Кыргызстан эгемендик алганына бир жылга жетпей Бириккен Улуттар Уюмга толук кандуу мүчө болду. 1992-жылдын 2-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясынын жүрүшүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин сунушуна жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46/225 резолюциясына ылайык Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна бир добуштан кабыл алынган. 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын биринчи өкүлчүлүгү Бишкекте ачылган. БУУ азыркы замандын коркунучтарына жана […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик […]Читать далее